Чет элдик басылмалар жазып чыккан маалыматка таянсак, коронавирустун жыйынтыгы аянычтуу болуп жатат. Бул тууралуу АКШнын Нью-Йорк шаарындагы ооруканалардын биринде иштеген Александрия Масиас аттуу медайым Фейсбук баракчасына жазып калтырган. «Бул вирус адамдарды өлтүрөт. Бейтаптар кези келгенде баары бир каза болушат, биз аларды тирүү кармап туруу үчүн аракетибизди жумшайбыз. Биздин бөлүмгө көбүнчө жаштар келип түшүүдө. Алардын арасында тирүү кеткени жок, алардын баары күчтүү адамдар эле»- деген. «Эң жаманы — каза болгон бейтаптардын телефондоруна келген чалуулар. Чалган адам үмүт менен жакын адамынын үнүн дагы бир жолу угуп алайын деген ойдо болот да. Бул аябай жаман сезим», — деген медайым.

Эске салсак, пандемиядан көп каза болгондор дал ушул АКШ да көп катталууда. Маалым болгондой алар абактагыларды жалдап каза болгондордун сөөгүн Харт аралына койдуруп жатышат.