Учурда жүрүп жаткан пандемиядан пайдаланып тажиктер такталбаган чек ара тилкесинде окоп казууда.

Бул тууралуу депутат Т.Тиллаев бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Депутат өкмөткө кайрылып, вирус менен алышып жатып чек ара маселесин унутта калтырбасак, — деген пикирин айтты.

«Ишеничтүү маалымат булактар билдиргендей учурда тажик тарап тактала элек аймакка 100 метр кирип келгенин айтууда. Урматтуу өкмөт мүчөлөрү азыр бул маселени кароо керек, кийин кеч болуп калат. Бул маселени мен өзүм жеке көзөмөлгө алам. Тажиктер азыр биздин жерге кирип алса, кайра артка жылбайт»,-деди депутат.

Эске салсак Тажикстанда вируска кабылгандар жок. Ал эми пандемияга шектелген жарандын саны 2000 киши.