Ушул тапта өтүп жаткан парламенттин жыйыныда Зиядин Жамалдинов керектүү медициналык каражаттар айылдагы ФАПтарга жетпей жатат деди.

Жиберилип жаткан каражаттар район борборунан ары узабай жатканын белгиледи.

Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов тиешелүү медициналык каражаттар бир гана коронавирус аныкталган аймактарга гана жиберилерин, бардык ФАПка жиберүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин билдирди. Министрдин айтмында, ФАПтарга медициналык каражаттар бюджеттик негизде гана жиберилет.

Жаман айтпай жакшы жок экенин эскерткен эл өкүлү ооруга ар бир айылдагы ФАП даяр турушу керек деди.