Ысык-Көл облусунун Түп районунун эки тургуну коронавирустан айыкты.

Эми алар дарыгерлердин кеңешмесинен кийин үйлөрүнө чыгарылат.

Бул эки бейтап Индия мамлекетинен даваттан келгенден кийин коронавирус илдетин жуктурганы белгилүү болгон.

Ушуну менен аталган райондо коронавирус илдетин жуктуруп алган башка учур жок.