Tazabek маалымат сайты аялдары бизнесте жүргөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын тизмесин жарыялады.

ЖК депуттарынын аялдары ресторан жана мейманкана бизнеси, соода, туризм, ун өндүрүү, цемент өндүрүү, мүлктү ижарага берүү, насыя берүү жана ишкердиктин башка түрлөрү менен алектенишет.

Рейтингге бир катар компаниялардын жетекчи жана уюштуруучулары катары көрсөтүлгөн депутаттардын аялдары киргизилген. Алардын арасында: Азамат Арапбаев, Чыныбай Турсунбеков, Акылбек Жапаров, Кубанычбек Жумалиев, Иса Өмүркулов, Осмонбек Артыкбаев, Автандил Кулбараков, Бакыт Төрөбаев, Дастан Жумабеков жана башкалар бар.