Индиянын Мумбай шаарында бийликтин карантинди 3-майга чейин узартуусуна каршы, жүздөгөн мигранттар көчөгө чыкты.

Алар жумушсуз калганын айтып, темир жол бекеттерине чогулуп, үйлөрүнө жетип алуу үчүн поездерди жүргүзүүнү талап кылышты.

Ал эми Индия бийлиги алардын ачка экенине, билет сатып алууга каражаты жок экенине карабай, каршы чыккандарды уруп куушту.

Учурда Индияда 1 миллиард, 300 миллион жаран карантинде. Ал эми вирусту жуктургандардын саны 10 миңден ашуун.