Коом

Элди сыртка чыкпасын деп «арбакка айланууга» аргасыз болушкан

Коронавирус эпидемиясынан улам Индонезиядагы айылдардын биринде ыктыярчылар жергиликтүү тургундар коркуп, сыртка чыкпасын деп «арбакка айланууга» аргасыз болушкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Индонезиянын Ява аралындагы Кепух айылында болгон. Айыл бийлиги март айынын аягынан тарта элди коркутуп, үйлөрүнө киргизиш үчүн арбак сымал кийинген ыктыярчыларга жардам сурап кайрыла баштаган.

Белгилей кетсек, Индонезияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 4500гө жетип, андан 400 киши көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button