Блогер блок

Султан Абдыракманов: «Музей сиздин үйүңүздө»

Сулайман Тоо улуттук тарыхый археологиялык музей комплекси жана «ЭЛТР» телерадио компаниясынын жетекчилиги биргеликте уюштурган бул жаңы теле долбоорубуз замандаштарыбыздын жан дүйнөсүнө руханий азык тартуулайт деген тилегибиз бар.

Изги оюбузду ишке ашырууга ак дилден жардам берген телерадио компаниянын жетекчиси Керимбек Калыкулов, башкы директордун орун басары Жумамидин Сулайманкулов, оператор Руслан, Эркебай мырзаларга терең ыраазычылык билдиребиз.

Кудай буйруса, сериялык ирээтте тартылган ЭЛТРдин эфиринен кийин ФБ жана башка баракчаларга да жарыялап турмакчыбыз.

Жараткан мамлекетибизге тынчтык, оомат, элибизге сабыр, шүгүр, ынтымак, биримдик берип, ар бирибизге жакшылыктардын кучагында болушту насип этсин…

Маалымат Сулайман Тоо улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинин директору Султан Абдыракмановдун фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button