Коронавирустун суук тийгенден айырмалана турган негизги белгиси аталды

496

Америкалык окумуштуулар коронавирусту кадимки эле суук тийүүдөн  кантип айырмаласа болоорун айтып беришти. Алардын сөзү боюнча мурундун бүтпөгөнүнөн билсе болот экен. Бул тууралуу Eurekalert  билдирди,  деп Ren.tv 15-апрелде маалымдады.

Окумуштуулар коронавирусту эң алгачкы стадиясында эле биле турган негизги симпмтому катары, мурун бүтпөй, ачык туруп эле жыт сезүнүнүн жоголушун аташты.

“COVID-19дунмурун бүтүү, мурундан суу агуу сыяктуу кадимки вирустук суук тийүү менен байланышы жок“, — деп айтышты окумуштуулар. Ошондуктан коронавирусту сезондук аллергиядан оңой эле айырмаласа болот, деп кошумчалашты. 

Адистер, эгерде башка бир симптомдор байкалбай туруп, кокус адамда жыт сезүү жоголуп кетсе, анда токтоосуз түрдө бейтапты изоляциялап, дароо COVID-19га тестирлөө керек экенин белгилешти.  

Булак: Abal.kg