АКШ президенти Дональд Трамптын  взносторду төлөөнү токтотуу тууралуу чечиминен кийин Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму өз бюджетинин 14%дан ашык өлчөмүн жоготуусу мүмкүн. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында жарыяланган.

ДССУнун программалык бюджети милдеттүү, ошондой эле ыктыярдуу взностордун комбинациясынан улам каржыланат.  Мамлекеттердин уюмга мүчө болуу үчүн төккөн взностору милдеттүү болуп саналат. Ал эми төгүлүүчү сумма мүчө-мамлекеттин экономикалык абалына жана калкынын жайгашуусуна ылайык эсептелет.

Статистикага ылайык 2018-2019-жылдары АКШ ДССУга 553,1 млн доллар төлөгөн жана бул ар кыл программаларды уюштуруу боюнча бюджеттин 14.67%ын түзгөн. Аталган сумманын ичинен 101,5 миллиону Женевадагы ДССУнун штаб-квартирасын каржылоого, 151,2 миллиону – ДССунун Африкадагы программаларын колдоого жана 201,1 миллиону – жер ортолук деңиз регионунун чыгыш бөлүгүнө жумшалган.

ДССУнун экинчи ири донору болуп Билл жана Мелинда Гейтстердин Фонду саналат жана ал уюм бюджетинин 9,76%ын түзгөн. Андан соң Вакциналар жана иммунизациялар боюнча глобалдык альянс турат 8,39%.

ДССУну каржылоо көлөмү боюнча мамлекеттердин арасында экинчи орунду Улуу Британия, андан кийинки орунду Германия ээлейт.