Кыргыз Республикасынын эл мугалими, педагогика илимдеринин доктору, профессор Исак Бекбоев 90 жашында дүйнөдөн кайтты.

Ал бүткүл өмүрүн агартуу тармагына арнап, көптөгөн окуу китептерин жана методикалык колдонмо, атайын илимий эмгектерди жазган. Анын калеминен 200дөн ашык басылмалар, алардын ичинде 12 монография, 44 окуу китеби, 34 окуу- методикалык колдонмолор жарык көргөн.

Исак Бекбоев 1930-жылы Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында төрөлгөн. Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш орто мектебинде окуп, аны 1948-жылы күмүш медалы менен аяктаган.

Ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математикалык факультетине экзаменсиз кабыл алынып, ал факультетте Сталиндик стипендия менен окуп, аны 1952-жылы бүтүргөн.

Исак Бекбоев жаңы муундагы кыргыз окуулуктарын түзүүнүн, жазуунун, басып чыгаруунун, балдарга жеткирүүнүн эң чоң программасынын үстүндө тынымсы эмгектенген.

kadam-media.kg маалымат порталы Исак Бекбоевдин үй-бүлөсүнө жакындарына көңүл айтат