Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү, балдарды колдоо жылынын алкагында, дистанттык окууга шарты жок үй-бүлөлөр такталып,  Кадамжай шаардык мэриясы, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте, шаардагы беш үй-бүлөгө сыналгы алып беришти.

Мындан сырткары облустун бардык мектептериндеги сыналгылар, ошол мектептеги муктаж болгон үй-бүлөлөргө берилүүдө.

Учурда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан окуучулардын аралыктан билим алуусун үзгүлтүккө учуратпоо, жетиштүү  шарт түзүү, аракеттери көрүлүүдө.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы