9 млн сом турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө гуманитардык көмөк көрсөтүү үчүн багытталды. Тийиштүү чечим Турмуштук оор кырдаалда турган адамдарды тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндө жеке жана юридикалык жактардан келип түшүүчү акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын кезектеги кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынды.

Жыйын жүрүшүндө жашоо-шарты оор үй-бүлөлөр үчүн гуманитардык көмөк алууга билдирмелер каралды.

Келип түшкөн билдирмелер каралып жана талкууланган соң, өзгөчө абал режими киргизилген калктуу конуштардагы кырдаалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебинен Ош шаарындагы (4 млн сом), Нарын шаарындагы (1 млн сом), Жалал-Абад шаарындагы (1 млн сом), Сузак районундагы (2 млн сом) жана Ноокат районундагы (1 млн сом) муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык көмөк көрсөтүү максатында тамак-аш продуктуларын сатып алууга каражат бөлүү чечими кабыл алынды. 

Белгилей кетсек, комиссиянын буга чейинки жыйынында Ош, Нарын, Жалал-Абад шаарларынын мэрияларына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга:

— гуманитардык жардамды ыкчам тартипте муктаж жана турмштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөргө (жарандарга) көрсөтүлгөн тизмелерге ылайык даректүү таратууну камсыз кылуу;

— депозиттик эсептен бөлүнгөн акча каражаттарын сарптоо боюнча Ош, Жалал-Абад жана Нарын шаарыларынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары тарабынан бекитилген жашоо шарты оор, тамак-аш азыктары менен камсыздалган үй-бүлөлөрдүн аты-жөнү жазылган (үй-бүлө мүчөлөрүн, жашаган дарегин, телефон номерин, үй-бүлөнүн статусун) тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине белгиленген тартипте отчет берүү сунушталган.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, шаар мэрлерине:

— сатылып алынган күнүмдүк керектелүүчү азыктарды сактоо жайларын, азык-түлүктөрдү таңгактоо жана азык-түлүк топтомдорун даярдоо үчүн имараттарды уюштуруу жана турмуштук оор кырдаалда калган үй-бүлөлөргө (жарандарга) аларды жеткирүүнү камсыз кылуу;

— турмуштук оор кырдаалда калган үй-бүлөлөргө (жарандарга) азык-түлүк топтомдорун берүү (күнүн, убактысын жана дарегин көрсөтүү менен) графигин тамак-аш азыктарын максаттуу берүүгө мониторинг жүргүзүүгө жарандык сектордун катышуусун камсыздоо үчүн күн сайын расмий сайттарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда жайгаштырып туруу;

— гуманитардык жардам көрсөтүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында жер-жерлерде жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүү;

— турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн (жарандардын) тизмесин ыкчам тартипте азык-түлүк түрүндө жардам алууга тапшырык калтыруунун 1227.tunduk.kg электрондук системасына киргизүү тапшырылды.