Орусиялык компания вакцина ойлоп табуу үчүн АКШдан коронавирустун штаммын  алып келди. Вирустун “уругу” Томск бажысында каттоодон өттү. Бул тууралуу Сибирь бажы башкармалыгы билдирди. Компаниянын аты аталган эмес.

Флаконго салынган вирустун бөлүкчөлөрү 88 грамм. Аларды атайын муздатылган контейнерлер менен алып келишти.

4-апрелде Новосибирсктеги “Вектор” борбору май айында вирустун вакцинасын клиникалык жактан иликтөөнүн биринчи фазасы башталарын жарыялаган. Кийинчерээк 60 ыктыярчыдан турган топ түзүлгөнү белгилүү болгон. Алардын арасында препараттын башкы түзүүчүсү Ильназ Иматдинов да бар.

Күн мурун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Гебрейесус коронавирус инфекциясын эффективдүү вакцина гана токтото аларын билдирген. Ал вакцина COVID-19дун экинчи толкунунун алдын алуу үчүн зарыл экенин айткан.

Коронавирус инфекциясына каршы көптөгөн өлкөлөр вакцина ойлоп чыгууга аракет жасашууда. Бирок препаратты синтездөө жана тыкыр клиникалык сыноодон өткөрүү зарылдыгына байланыштуу бул жараян бир жылдан көп убакытты алышы ыктымал.

Дүйнөдө СOVID-19 менен ооруган кишилердин саны эки миллиондон ашты, 126 миңден көп киши өлдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”, Кыргызтудей сайты