Кытайдын түндүк-чыгышындагы Россия менен чектеш Суйфыньхэ шаарына коронавирус менен ооруган бейтаптар үчүн жаңы оорукана курду. Маалыматка ылайык, жаңы оорукана 570 орунга ылайыкташтырылган.

13 кабаттуу бул имарат убактылуу бош болуп турган. Анын курулушу 6-апрелде башталган. Азыркы учурда бул оорукана коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алууга даяр.
Суйфыньхэ шаары коронавирустун кайра жайылышына байланыштуу өткөн жумадан бери карантинде турат.

Кытайда акыркы сутка ичинде коронавирус жуктуруунун 46 жаңы учуру катталса, алардын 36сы сырттан келгендер.

Кытай буга чейин коронавирустун жайылышын көзөмөлдөө үчүн Россия менен болгон темир жол каттамдарын токтоткон.

Булак: NazarNews.kg