Жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 70 жаран жеткирилип, 15 автоунаа атайын жайларга токтотулду.
Алардын ичинен:
Бишкек шаары боюнча – 39,
Жалал-Абад шаары боюнча – 3,
Ош шаары боюнча –11,
Нарын шаары боюнча – 8
Ноокат району боюнча – 2,
Ата-Башы району боюнча-7.
Ал эми, Кара-Суу жана Сузак райондорунда тартип бузуулар катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2646 жаран коменданттык саатты бузган.
ИИМдин басма сөз кызматы