Коронавирус эпидемиясы АКШнын экономикалык гана эмес, ошону менен бирге аймактык, ал тургай, саясий бүтүндүгүн дагы кыйратууда. Бирдиктүү саясий талаа бөлүктөргө ажырап, ал эми штаттардын Вашингтондогу федералдык борбор менен  болуп жаткан конфликтисинин натыйжасында айрым бир губернаторлор президент менен күрөшүү үчүн биригип, ачыктан-ачык анын бийлигине каршы чыга башташты. Буга Калифорния штатынын губернатору Колифорния – бул «мамлекет» деп айтканын далил катары келтирүүгө болот.

Калифорния губернатору, эл ичинде өзүнүн лидердик сапаттары жана катаал мүнөзү менен белгилүү болгон Гэфин Ньюсом америкалык саясий дискурска «Улуттук мамлекет» деген өңдүү Калифорния темасын бекеринен киргизген эмес. Эпидемия жана америкалык медициналык системадагы болуп жаткан кризистен пайдаланып, ал Дональд Трамты жекече жана Вашингтонду жалпы жолунан Колифорния үчүн оор кесепеттерди жараткан  стратегиялык өңүттөгү кетирилген каталар боюнча күнөөлөп чыккан.

Губернатордун версиясы боюнча дал мына ушул кесепеттер өз кезегиндештат бийлиги федералдык бийликти четке жылдыра туруп, медициналык көйгөйлөр менен катар экономикалык мүнөздөгү маселелерди чечүүгө жана карантинди аяктап, экономикалык активдүүлүктү өз алдынча калыбына келтирүүгө негиз болуп берет.