Чет элдик басылмаларга жарыяланган маалыматтарга таянсак Франциялык окумуштуу Реми Шаррел коронавирус жогорку температурага туруштук бере алаарын айтып чыкты. Реми Шаррел кесиптештери менен бирге африкалык жашыл маймылдын клеткаларын жана COVID-19 вирусун белоктор менен бир пробирада жайгаштырган.

Мындай жол менен алар вируска адамдын оозунун ичиндегиге окшош биологиялык жагдай түзүп беришкен. «Вирусту өлтүрүү үчүн аны 15 мүнөт бою 92 градус ысыкта кармаган. Жогорку температурада вирус активдүүлүгүн жогото баштады» — дейт окмуштуу.

Ухань вирусу дүйнөнү каптагандан тартып, окумуштуулар ар кандай иликтөө жүргүзүп келет. Буга чейин коронавирус 70 градус ысыкта өлөт деген божомолдор айтылган. Натыйжада мындай иликтөөлөр пандемия жогорку температурага туруштук берээрин далилдеп жатат. Демек , көпчүлүк күн ысып жай келгенде вирус жок болот деген ойлор жокко чыгарылууда.