Тажикстанда «Азия» телеканалынын директору Азамхон Акбаров COVID-19 вирусунун жайылуусун алдын алуу үчүн жалпы изоляция режимин киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Анын «Фейсбук» аркылуу өлкөнүн саламаттык сактоо министрине жолдогон билдирүүсүнө карата колдонуучулардын көбү кубаттаган пикирдерди жазып жатышат.

Өткөн жумада Тажикстандын Жаббор Расулов районунда карантинде жаткан 60 жаштагы бейтап каза болгону кабарланган. 13-апрелде өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги Бохтар шаарындагы карантиндик жайда пол жууп иштеген 58 жаштагы аял көз жумганын билдирген. Бирок тажик бийлиги бул адамдар башка оорулардан улам каза болгонун айтууда.

Тажикстандын расмий бийлик өкүлдөрү өлкөдө коронавирус жуктурган адамдар катталбаганын, мындан улам өзгөчө кырдаал режимин киргизүү зарылдыгы жок экенин билдирип келишет.

Булак: NazarNews.kg