АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео КЭРден коронавирус пандемиясынын пайда болуусу тууралуу маселеде ачык-айкын болууну талап кылды.

«Биз вирус Уханьда пайда болгондугун, ал тургай, айтылып жаткан базардан бир нече километр аралыкта Ухань шаарынын вирусология институту  дагы бар экенин жакшы билебиз. Ошого карабастан, дагы тактай турчу көп нерселер бар жана аларды ачыкташ үчүн АКШ бийлиги жигердүү иш алып барууда. Биз КЭРдин бул өңүттөгү маалыматтарды ачык айтып берүүсүн каалайбыз»-деди Помпео Fox News америкалык маалымат каналынын эфиринде сүйлөп жатып.

«Алардын жетекчилиги жалпы публикага жар салгыча бул вирус тууралуу билишкен. Бул өтө кооптуу, себеби Кытай Коммунисттик партиясы эмне болуп жаткандыгын айтканга чейин миңдеген кытайлыктар дүйнө жүзүнө миңдеген каттамдарды жүзөгө ашырышкан», — деп кошумчалаган мамлекеттик катчы.

Ошол эле учурда ал америкалык ММКлардын вирус Ухань шаарындагы лабораториядан чыгып кеткен деген өңдүү макалаларын ырастоодон дагы, же болбосо четке кагуудан дагы баш тарткан.

Помпеонун  айтуусу боюнча, «транспаренттик»  өлкөлөр мындай жерлердеги кырдаалды көзөмөлдөшөт жана башка өлкөлөр менен бул тууралуу маалыматтарды бөлүшүп, чет элдик байкоочулардын кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.