Тажикстандын беш жараны теракттык аракеттерге даярдык көргөн деген күнөө менен Германияда камакка алынып, тергөө изоляторуна жөнөтүлүшкөн. Бул тууралуу ГФР башкы прокуратурасынын басма-сөз кызматы билдирген.

Күн мурда ведомстводо «Ислам мамлекетинин» террористтик тобунун болжолдуу мүчөлөрү камалгандыгы тууралуу маалымдашкан.

Түндүк Рейн-Вестфалия жеринин атайын багыттагы отряды (спецназ) жана Дюссельдорф полиция башкармалыгынын кызматкерлери шаршемби күнү эртең менен кылмышкерлерди Эссен, Нойс, Зиген шаарларында жана Хайнсберг округунда колго түшүрүшкөн. Мындан сырткары, шектелип жаткандардын батирлеринде жана Түндүк Рейн-Вестфалиядагы алты объектте тинтүү иштери өткөрүлгөн.

Белгилей кетсек, кармалган төрт адам, ошондой эле 2019-жылдын 15-мартынан бери СИЗОдо камакта жаткан Тажикстандын бир жараны  Германияда террористтик ячейка түзүү  аракеттери боюнча  шектелүүдө.