#UFC247 ?????? Houston. Texas. February 8, 2020

Бен Аскрен Валентина Шевченко Россиянын тыңчысы деп айыптап чыкты. Мушкердин айтымында «Кыргызстандан чыккан Валентинага көңүл бөлүп карасаңар, ал чет тилдерди мыкты билет. Курал колдоно алат. Ал UFCнин 251чи турунан атайын жараатын шылтоолоп катышкан жок. Себеби анын өтө маанилүү тапшырмасы бар. Валентина, угуп кой сенин башкы миссияң UFC титулун сактоо эмес, ал биздин максат. Сенин атайлап жараат алган түр көрсөтүп, өзүңдүн шпиондук милдетиңди аткарганы барасың» — деген спортчу Бен Аскрендин билдирүүсүн Essentially Sports басылмасы жарыялаган.

Эске салсак Кыргызстандын атынан чыгып жүргөн Валентина Шевченко алган жараатына байланыштуу алдыда Джоан Калдервуд менен боло турган UFC 251ге катышуудан баш тарткан. Буга чейин Шевченко 18 жолу жеңишке жетип, эки титулду коргоп келет.