2020-жылдын 15-апрель күнү вице-премьер министри Акрам Мадумаров, Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каратаев Мадамин, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев, Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов, Өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевтердин жетекчилиги астында, укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик мекеме-уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Жыйында, Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагында өзгөчө абалдын мөөнөтүнүн узаргандыгына байланыштуу, COVID-19 илдетин жоюу жана таркалып кетүүсүнө бөгөт коюу боюнча аткарыла турган иш-чаралар талкууланды.

Тийиштүү органдарга өз милдеттери туурасында тапшырмалар коюлду. Өзгөчө абал узаргандыгына байланыштуу калкты азык-түлүк, дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну, коомдук жайларды, азык-түлүк дүкөндөрүн, калкты тейлөөчү мекеме-уюмдардын имараттарын, банктардагы ачка алуучу жабдыктар орнотулган жайларды, оору чыккан аймактардагы турак-жайларга санитардык-карантиндик талаптардын негизинде тынымсыз дезинфекциялоо иштерин жандандыруу талаптары коюлду. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде, Өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылып, коменданттык сааттын убактысы кечки саат 21:00дөн тартып эрте мененки саат 06:00гө чейин белгиленди.

Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борбору