Кыргызстанда дагы 17 киши коронавирус жуктурганы аныкталды. Арасында 5 медицина кызматкери бар. Жалпы саны 466 адамга жетти.

Коронавирус жуктурган балдардын саны 41.

4 адам реанимацияда жатат.

Жаны учурлардын 11и Нарын облусунан катталган.

Өткөн суткада 13 бейтап айыгып чыкты.

5-апрелден бери анализ алынгандардын саны – 29 777 адамды түздү.

Оору жуккан 466 адам кайсы аймактарда катталган?

Жалал-Абад облусу – 93
Ош облусу – 131
Ош ш. – 71
Чүй облусунда – 28
Бишкек шаары – 87
Баткен облусунда – 5
Нарын облусу – 45
Ысык-Көл облусунда – 6