Премьер министр Абылгазиевдин бактысы тоодой экен. Жогорку Кенеш былтыркы жылдын күз айларында азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди отставкага кетиребиз дегенде 7–8-вгустагы Кой-Таш окуясы менен кармалып калган. Быйыл жазда кетип, шайлоого «Кыргызстан» партиясын баштап бармак. Анын бактысына өлкөдө өзгөчө абал болуп, өкмөттө кайрадан калып калды.

Эми болсо «Кыргызстан» партиясын баштап, шайлоого бара албай калды. Кыргызстандын тарыхында илен-салаң өкмөт катары таанылганы менен, эки жыл толук отуруп, тарыхта калды. Апрель айында азыркы өкмөттүн отурганына толук эки жыл болот. Мыйзам боюнча өкмөт шайлоого алты ай калганда отставкага кетпейт. Демек, азыркы премьер-министр Абылгазиевдин «Кыргызстан» партиясын баштап шайлоого катышып, андан кийин кайрадан өкмөт башчылыкка келип, 2023-жылы президенттике коем деген тилеги таш капты.