Кремль 9-май – Улуу Жеңиш майрамын жылдыруу чечимин кабыл алды.
ЖМКлар Орусиянын ишенимдүү булактарына таянып жазгандай майрам датасын жылдыруу ушул аптанын соңунда расмий жарыяланышы мүмкүн.
Орусияда коронавирус инфекциясы тездик менен жайылууда. Күн мурун алынган маалыматка караганда ооругандардын саны 25 миңге чукулдады.