Акыркы мезгилдерде бир катар маалымат агенттиктеринде милиция кызматкерлери мас абалында кармалгандыгы тууралуу маалыматтар жарыяланып жаткандыгына байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдиребиз.

ИИМдин ички иликтөөлөр кызматы тарабынан өзгөчө кырдаал жана абал киргизилген аймактарда ички тартипти чыңдоо, кызматтык тартипти сакталышы боюнча көзөмөл жүргүзүү багытында алдын алуу иш чаралары көрүлүүдө. Аталган факт боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен ИИМдин криминалдык милиция кызматынын үч кызматкери кызматтык тартипти бузгандыгы аныкталган.

Биринчиден, алар коменданттык сааттын талаптарын бузушту, экинчиден кызматтык милдеттерин аткаруу мезгилинде мас абалында жана кызматтык автоунаада кармалышкан. Аталган үч кызматкер Бишкек шаарындагы наркология борборунда медициналык кызматкерлер тарабынан текшерилип, алардын мас экендиги тастыкталган жана тиешелүү документтар толтурулган. Автоунаа атайын айып салуучу жайга токтотулган. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында ички иштер органдарынын кызматкерлери өзгөчө абал учурунда күчөтүлгөн даярдык баскычында кызмат өтөп жаткандыгына карабастан өздөрүнүн кыймыл аракети менен укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын, укук корго органдарында кызмат өтөө жөнүндөгү мыйзамынын талаптарын жана кесиптик этиканын ченемдерин сактабагандыгы үчүн үчөө тең ички иштер органдарынын катарынан бошотулгандыгын белгилейбиз.

Ички иштер министрлиги кызмат учурундагы тартип бузган кызматкерлерден тазалоону улантат жана жана аларга катуу чараларды көрөт жана эскертет. Ички иштер министрлиги өз катарын таза эмес кызматкерлерден тазалайт жана мыйзам бузгандар тиешелүү жазасын алмайын калбайт. Тартипти бузгандарга, мыйзамды сыйлабагандарга ИИМдин жетекчилигинин көз карашы эч качан өзгөрүлбөйт – мыйзам бузгандар тиешелүү жазасын алууга тийиш. Өзгөчө абал учурунда өзүнүн кызматтык тартип бузгандыгын билип туруп кайра эле “бет тырмаарлык” кылып актанууга аракет кылгандар, мен тазамын, мени эч себепсиз кызматтан кетиришти деп түштөн кийин добулбас какпастан, бир аз эртерээк тартипти орой бузганга чейин ойлонушу кажет эле.

Ички иштер министрлиги кызматтык милдеттерин так аткарбаган, өзүнүн коом алдындагы, эл алдындагы парзына жана милдетине кайдыгер караган, милициянын кадыр баркын кетирген, пара алган, мыйзам бузган кызматкерлерден тазалоо боюнча ички иликтөөлөр кызматына катуу талаптарды койот. Бул ИИМдин принципиалдуу көз карашы экендигин баса белгилейбиз.

ИИМдин Басма Сөз кызматы