Кытайдын маалымат сайттары Казакстан жана Кыргызстан жайгашкан аймак мурда Цин империясына караштуу болгон деген маанайдагы макалаларды жарыялай баштады.

Буга байланыштуу Казакстан Кытайга нааразылык нотасын жолдоду. Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги азырынча маалыматка реакциясын билдире элек.

“Кыргызстан да Кытайдын жери болгон” деген мазмундагы макала Кытайдын toutiao.com аттуу сайтына 11-апрелде жарыяланганы дайын болду.

Казакстандык активист Серикжан Билаш «Кыргызстан эркиндик алгандан кийин эмне үчүн Кытайга кайткан жок?» деген тема менен жарыяланган макаланын ар бир сүйлөмүн окуп, аны казакчага которгон видеосун 14-апрелде жарыялады.

“Кыргызстан Хан династиясынын тушунан берки миңдеген жылдар бою Кытайдын аймагы болгон. Юань жана Цин династияларынын тушунда да Кыргызстан Кытай менен аралашып жашаган. Цин династиясынын акыркы жылдарында Орус империясы Борбор Азияны өзүнө карата баштаган. 1864-жылы Орус империясы кубатын жоготуп койгон Цин императорун түндүк-батышындагы 440 миң чарчы чакырым аяттан баш тартууга аргасыз кылган. Андан соң дагы 70 миң чарчы чакырым аянтын тартып алган. Ошондо Кытай жалпысынан 510 миң чарчы чакырым жеринен айрылган. Бүт Кыргызстан мына ошол аймактын ичинде турат. Кыргызстан Монголия сыяктуу эле байыртадан бери Кытайдын аймагы”, – деп жазылган.

Макалада “Кыргызстан Кытайдын курамында турганда абдан бай жашаган. Азыр дүйнөдөгү эң кедей өлкө. ИДПсын жан башына бөлгөндө 1000 доллардан гана тиет” деп өлкөнүн экономикалык абалын да талдаган.

Азырынча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалымат тууралуу эч кандай пикирин билдире элек. Буга чейин расмий Бишкек да, расмий Нур-Султан да Кытайдагы боордошторунун саясий лагерлерге жапырт камалып жатканына нааразылык билдирип койгонго батынган эмес.

Кытай дүйнөдө экономикасы жактан АКШдан кийинки эле держава. Бул өлкөгө Казакстан 11 млрд. доллар, Кыргызстан 1 млрд. 700 млн. доллар карыз.

Кытайдагы белдүү маалымат агенттиктердин бири катары саналган sohu.com сайты «Эмне үчүн Казакстан Кытайга кайткысы келет?» деген макала жарыялады. Анда Цин империясынын тушунда казак уруулары Кытайга баш ийип турганы жазылган.

“Жунгар хандыгы кулагандан кийин XVIII кылымда казактын улуу, кичүү жана орто жүз уруулары бара-бара Цин империясынын карамагына өткөн. Апийим согушунан кийин XIX кылымда Цин империясы кубатынан тайган. Мына ошол учурда Кытайга караштуу жерлер, анын ичинде Казакстан дагы Орусиянын курамына өтүп кеткен. Мына ошентип, жер бөлүштүрүүдө Кытай Казакстандан айрылып калган. Ушу тапта Кытай Казакстанга көп инвестиция салды. 400 миң кытай жараны Казакстандын ар кыл тармагында тынымсыз иштеп жатат. Казакстандын кичи шаарларында жашаган тургундар өздөрүн кытай акыны “Ли Бонун (8-кылымда жашаган кытай акыны) урпагыбыз” десе, дагы бир даары өздөрүн ханзу деп эсептешет», – деп айтылат макалада.

28-мартта www.sohu.com аттуу маалымат сайт жарыялаган бул макала айрыкча казакстандык Интернет колдонуучулар арасында кызуу талкууланды.

14-апрелде Казакстандын тышкы иштер министри Шахрат Нурышев Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяону чакырып, сөз болуп жаткан макаланын мазмунуна нааразы экенин билдирип, Бээжинге нааразылык нотасын жолдоду.

“Казакстандын Тышкы иштер министрлигинде Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо менен жолугушуу болду. Анда Кытайдагы маалымат агенттиги жазган макалага казак тарап нааразы экенин билдирди. Мындай маалыматтар Кытай менен Казакстандын өлкө башчылары 2019-жылы 11-сентябрда ар тараптуу түбөлүк кызматташтык тууралуу кол койгон келишимге каршы келет”, – деп маалымдады мекеме.

Адатта дүйнөдөгү ар кыл окуялар тууралуу социалдык тармактарга көз карашын ачык жазган Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо бул жолу эч кандай пикирин билдирген жок. Кытайдын Казакстандагы элчилигинин расмий сайтына да чуулуу макала тууралуу эч кандай билдирүү жарыяланбады.

Казакстан тууралуу макала жарыялаган Sohu.com Кытайдагы ири маалыматтык интернет платформалардын бири. Баш кеңсеси Бээжинде жайгашкан. Кытай өкмөтү менен тыгыз байланышта иштейт. Компаниянын акциялары АКШдагы дүйнөлүк биржада илинип турат. Ал эми Кыргызстан тууралуу макаланы чыгарган Toutiao.com сайты Кытайдагы эң ири маалыматтык Интернет платформалардын бири. Туруктуу окурмандарынын саны 750 миллионго жакын. Баш кеңсеси Бээжинде жайгашкан бул компаниянын жетекчилиги да кытай бийлиги менен тыгыз иштешет.

Булак: Назар ньюс сайты