Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев аткаруу бийлиги чек ара иштери боюнча ыкчам аракет көргөнүн айтып, ыраазычылык билдирди.

Кечээ 15-апрелде эл өкүлү парламент жыйынында тажик тараптын тактала аймактарга кирип келгени тууралуу айтып, өкмөткө кайрылган.

Бул билдирүүдөн соң тиешелүү кызматтар чукул чараларды көрүшүп, натыйжада тажик тарап чыгып кетишкен.

“Кыргызстандын бир чарчы жери да биз үчүн кымбат. Иштеринин көп экенине карабай маселени ыкчам чечкен кызматтарга ыраазычылык билдирем”, — деди депутат Таабалды Тиллаев.