Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылгандан кийин чет мамлекеттерден мекенине келе албай калган жарандарга кыргы өкмөтү атайын автобус жөнөткөнүн саламатткты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын айтымында, апрель-май айларында алынып келинет.

“Кыргызстандык мигранттар эң көп болгон Новосибрискидеги жарандар менен консул иштеп жатат. Алар хостелге жайгаштырылган. Каалоочуларды алып келүү маселеси пландалып, чечилди. Жалпысынан 2 миңге жакын мекендешибиз алынып келинет”,-деди.

Буга чейин тышкы иштер министрлиги 42 өлкөдө кыргыз жарандары бар экенин айткан. Күн мурун парламенент жыйынында депутаттар чет жердеги кыргыздардын маселесин ччүүгө бир жума убакыт берген болчу.