Манжа менен буттагы кызыл бүдүр, кызамык же шилекей сыяктуу жагымсыз жаралар коронавирустун белгиси болушу мүмкүн деп испан жана италиялык доктурлар билдиришет.

Алардын айтымында, көбүнчө бул симптом балдарда жана өспүрүмдөрдө кездешери айтылууда.

Испаниянын Педиатрлар ассоциациясы коронавирус убагында чыккан бүдүр жаралар адатта чечек менен кызамыктын жарасына окшош болорун белгилешкен.

Адатта ал кызарып манжаларда пайда болот дагы, кийин денеде так калтырбай айыгат.

Белгилей кетсек, COVID-19 инфекциясын жугузгандарды салттуу түрдө төрт симптом менен аныктоого болот: адамдын дене табынын дароо көтөрүлүшү, чыйрыгуу, жөтөл жана демдин кысылышы. Ал эми алсыроо жана суук тийип чыйрыгуу сейрек кездешүүчү симптомдоруна кирет.

Булак: NazarNews.kg