Бишкекте милициянын унаасы катышкан кырсык болду

438

Бишкекте  Лермонтов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде милициянын унаасы менен жүк ташуучу бус кагышып, үч киши жабыркады. Бул туурасында Тез жардам станциясынан билдиришти.

“Бул көчөлөрдүн кесилишине саат 6:38де чакыруу түшүп, үч киши ооруканага жеткирилди”, – деп билдирди медиктер.

Бирок тез жардам кызматы жабыркагандардын абалы тууралуу айткан жок.

Окуяга күбө болгон адамдын айтымында, автокөлүктөр сүзүшкөндө бус капталынан кулап калган.

Жарандык активист Болот Ибрагимов социалдык тармактагы баракчасына кырсык болгон жерден видео жүктөгөн. Андан унаалар эвакуацияланып жатканын көрүүгө болот.

Булак: Спутник сайты