CNN, «Forbes«, «Guardian» өңдүү дүйнөлүк баылмалар аялдар башкарган өлкөлөр коронавирус инфекциясы менен ийгиликтүү күрөшүп жатканын жазып чыкты.

Алар Германия, Тайван, Жаңы Зеландия өлкөлөрүн мисал келтирген.

Маселен, Тайвандын президенти Цай Инвэнь  Кытайдын Ухань шаарында вирус тарап жатканы тууралуу алгачкы кабарлар чыкканда эле 100дөн ашуун чукул чечимдерди кабыл алган.

Ангела Меркел жетектеген Германияда 130 миңден ашуун адам COVID-19 илдетине чалдыкканы менен каза болгондордун саны Европанын башка өлкөлөрүнөн эсе аз. ​

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн  коронавирус адеп катталганда эле өлкөдө төрт жумалык карантин жарыялаган.

42 жаштагы Метте Фредериксен жетектеген Дания Европада алгачкылардан болуп карантин жарыялаган. 6 миллиондой калкы бар бул өлкө 13-мартта чек араларын, аны улай мектептер, ресторандар сыяктуу коомдук жайларды жапкан. 

Дүйнөдөгү эң жаш премьер-министр деп мүнөздөлгөн Финляндиянын өкмөт башчысы Санна Марин коронавируска каршы күрөшкө социалдык тармактардын жылдыздарын катыштыра алды.  5,5 миллиондой калкы бар Финляндияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны Европанын башка аймактарына салыштырмалуу кыйла аз.

Исландиянын премьер-министри Катрин Якобсдоуттир  364 миңдей калкын жапырт текшерүүдөн өткөрүү аркылуу COVID-19 илдетин ооздуктай алды.

Булак: Азаттык