Бүгүн, 16-апрелге карата Кыргызстанда дагы 17 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды, анын ичинен бешөөсү медицина кызматкерлери. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Өлкөдө коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 104 адамга жетти.

Учурда Кыргызстанда жалпы 466 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Эске салсак, өлкөдө катталган пандемиянын күчөп кетүүсүнө байланыштуу депутат К.Иманалиев экс саламаттыкты сактоо министри К.Чолпонбаевдин жоопкерчилигин кароо керек экенин айтып чыккан.

Айрымдар экс министрге шалаакылык үчүн, алдын ала пандемияга каршы чара көрбөгөндүктөн укуктук баа берүүлисүү керек дешет.