Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган беш дарыгерин төртөөсү айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Калган бирөөсү жакын арада ооруканадан чыкмакчы.

Маалыматка караганда баарынын абалы канааттандырарлык. Алардын тапшырган анализдеринин жыйынтыгы оң чыккан.

Райондо дарыгерлерге оору жуккан учур катталган кийин аймактык оорукананын башкы дарыгери кызматынан алынган.

Бүгүнкү күнө карата коронавирус оорусун жуктуруп алган дарыгерлердин саны 104 болду.