Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов мындан ары мас абалында коменданттык саатын талаптарын бузгандар Жоруктар кодексинин негизинде камаларын бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын айтымында, мас болуп алып унаа айдаган жарандар көп кармалган.

Ош облусунун өзгөчө абал киргизилген айматкарында спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынган.

«Өткөн суткада коменданттык саат убагында 21:00дөн 6:00гө чейин тартип бузган 13 жаран кармалып, административдик протоколдор түзүлүп, эскертүүлөр берилди. Ал эми 4 автоунаа айып төлөнүүчү жайга токтотулду. Учурда коомдук саясий абал туруктуу, комендатуранын көзөмөлүндө», — деп билдирди Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты М.Нурдинов.