Аравандык дыйкандардын түшүмдөрү ички жана сырткы рынокто сатылууда.
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдиргендей, 15-апрелде эртең менен жеңил жана оор жүк ташуучу унаалар менен жалпы 40 тоннадан ашык капуста, сарымсак, пияз Ош, Жалал-Абад, Өзгөндүн базарларына сатыкка кетти.
“2-3 күн мурда Орусияга Аравандын Тепе-Коргон айыл өкмөтүнөн 110 тонна капуста экспорттолду. 90 тонна капуста Ош, Жалал-Абад, Өзгөндүн базарларына сатыкка кетти», – деди Пайзулла Мырзабарамов.
Араван районунда эрте бышкан жашылчалар базарларда төмөнкүдөй баада сатылууда:
– Капуста – 1 даанасы 25-30 сом;
– Сарымсак – 1 даанасы 8-10 сом;
– Көк пияз – 1 боосу 10 сом;
– Редиска – 10 даанасы 10 сом.