Америкалык бир топ авиакомпанияларда стюардесса болуп иштеген кыздар Fodors Travel басылмасына ачуу чындыкты айтып чыгышты.

Белгилүү болгондой стюардессалар ааламда пандемиянын таралуусуна учактардын салымы чоң болгон деп эсептешет.

Айрым авиакомпаниялар бортто COVID-19 аныктала турган болсо башкаларга айтууга тыю салган. Дагы бир стюардессанын айтымында учактын ичинде эч кандай санитардык нормалар сакталган эмес. Стюардессалар кээ бир кенебеген туристтерди айтып даттанган.

Ааламда болуп жаткан апаатка карабай арзан билетке кызыгып вирустун таралуусуна шарт түзүштү дешет.

Мындай маалыматты басылмага айтуу менен стюардессалар өздөрү жөнүндө маалымат анонимдүү калуусун өтүнгөн.