Карантин башталып, эл иштебей үйдө отурганы батирде жашаган айрым квартиранттарды убагында акча төлөбөй атасыңар деп кожоюндар үйүнөн чыгарып жатканы тууралуу бир топ окуя интернет тармагына жарыяланган эле.
Бул видеодо 14-апрелге чейин акчасын төлөй албаган квартирантына кожойке аял чыккыла деген экен.
“Күйөөм иштебей үйдө отуруп калды, жаш бала менен ушундай кырдаалда кайда барам” деген жаш келиндин ызылдаганын укса болот.