Америкалык  диетолог Джессика Кординг организмди сезгенүүдөн сактай турган өтө күчтүү табигый антисептикти атады. Бул туурасында 11-апрелде  Food. News порталы билдирген.

Адистин сөзү боюнча, сезгенүүгө каршы жана антисептикалык таасир берүүчү касиетке куркума ээ. Бул специй суставдардын жана ичегилердин ооруганын жеңилдетет, андан тышкаар патогендик микрофлорадан да арылтат.

Куркуманы смузиге, салатттарга, балык жана тоок маринаддарына, гарнирлерге кошконго сунушталат. Мындан тышкаары, куркума аны сиңирүүгө жардам бере турган пиперинди алып жүргөн кара мурч менен да жакшы “тил табышат”.

“Федеральное агентство новостей” жазгандай, медицина илимдеринин доктору, Самарадагы диетология менен диетотерапия илим изилдөө институнун директору Михаил Гинзбург, тез эле өтө кымбаттап кеткен имбирдин альтернативалары катары бир катар азык-түлүктөрдү айткан. Анын сөзү боюнча иммунитетти чыңдоого жана вирустарга каршы күрөшүү үчүн фитонциддер керек. Алар пиязда, чеснокто, помидордо, горчицада, хренде, сабизде, петрушкада, кызылчада, сельдерейде бар.

Ал эми окумуштуулар кантты, газдалган суусундуктарды, ун азыктарын, фастфудду, майлуу этти  азайтууну сунуштап жатышат. Бул туурасында “360” телеканалы билдирген.

Булак: Abal.kg