Коом
Орусияда кыргызстандык жаран коронавирусту массалык жугузду деп шектелүүдө
Орусиянын
Мурманск облусунда 206 жумушчуга Кыргызстандын
жараны коронавирус жуктурду деп шектелип жатканын Спутник
сайты аталган аймактын губернатору Андрей Чибисге шилтеме берүү менен билдирди.
Белокаменка айылындагы
«Новатэк-Мурманск» курулуш борборунда иштеген 206 жумушчу коронавирус
жуктуруп алган. Дагы 200 киши обсервацияга жаткырылган.
Азырынча алардан вирус аныктала элек. Бирок
профилактикалык терапия алып жатышканын аймактын башчысы айтты.
«Биздин
оюбузча, иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, коронавирусту жумушчуларга
Кыргызстан жараны жуктурган. Бирок ал тууралуу маалымат бере албайм», — деди Чибис.
Анын айтымында, Белокаменка айылында оорукана
жок.