Бул тууралуу «Миграцияны өнүктүрүү» кайрымдуулук фонду жарыялады. Мигранттар массалык түрдө ижара акысы төмөн жатаканага көчүп кетишкен.

Фонд өзү 1,1 миңден ашуун мекендештерди гана колдой алган, ошондуктан уюмдун жетекчилиги Орусиянын борборунда жана анын айланасындагы мекендештерге материалдык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылган.

Учурда Россияда 700 миңден ашык Кыргызстандын жарандары бар, расмий эмес түрдө алардын саны миллионго жакын болушу мүмкүн. 2019-жылы алар өз мекенине 2,5 миллиард доллар которушкан, бул өлкөнүн ИДПсынын үчтөн бирин түзөт. 2020-жылдын башынан бери 313 миллион доллар которушту.

Кыргыз өкмөтү болжолу 2000 жаранды алып келүү үчүн автобус жибергени маалым болду.