Коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө убада кылынган компенсацияны дарыгерлер дагы ала элек.  Бул тууралуу Жогорку Ке нештин депутаты Аида Касымалиева билдирди.

Анын айтымында, төлөөгө байланыштуу көйгөйлөр тизменин тазаланышына байланыштуу келип чыккан, анткени Саламаттыкты сактоо министрлигинин жергиликтүү аткаминерлери өздөрүн кошушкан.Касымалиева каражаттарды бөлүштүрүү боюнча комиссия интернетте түз эфир аркылуу күн сайын жана ачык-айкын жолугушуп турушу керектигин сунуштады.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 8-апрелде медициналык кызматкерлерге март айына кошумча төлөмдөр чегериле баштагандыгын маалымдаган.


Компенсациялык төлөмдөр:

Дарыгерлер үчүн — 46 миң сомго чейин;

Медициналык персонал үчүн — 41 миң сомго чейин;

Кенже персонал үчүн — 38 миң сомго чейин;

Нөөмөттүк график боюнча иштеген кызматкерлер үчүн — 29 миң сомго чейин.