Мурманск облусунда 206 жумушчуга коронавирус Кыргызстандын жаранынан жугушу ыктымал. Бул тууралуу аталган аймактын губернатору Андрей Чибис билдирди. РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, Белокаменка айылындагы “Новатэк-Мурманск” курулуш борборунда иштеген 206 жумушчу коронавирус жуктуруп алган. Дагы 200 киши обсервацияга жаткырылган. “Биздин оюбузча, иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, коронавирусту жумушчуларга Кыргызстан жараны жуктурган. Бирок ал тууралуу маалымат бере албайм”, – деди Чибис.
Учурда Россияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 25 миңге жетти.
2000 жаран сакайып, 198 киши көз жумган.