Араван райондук ИИБнин кызматкерлери алдын алуу жана коопсуздук иштерин күчөтүүдө коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу, дүйнөдө болуп жаткан кырдаал бардык мекемелер-ишканалардын, мамлекеттик органдары ишин өзгөртүүлөргө дуушар болду. Аны менен бирге, Ички иштер министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгүнө таасирдүү өзгөртүүлөрдү киргизди.

Тактап айтканда, коомдук укук тартипти камсыздоо чаралары күчөтүлүп, түзүмдү бөлүктөрдүн баардык милиция кызматкерлери коронавирустук жугуштуу илдетин алдын алуу жана жайылышын токтотуу боюнча чараларын жүргүзүүдө. Ошондой эле, карантиндик иш-чараларга медициналык кызматкерлерге жардам көрсөтүшүүдө. Ош облусунун Араван районунун аймагында 3 санитардык-карантиндик посттор орнотулуп, анда күнү-түнү милиция кызматкерлери, райондук ӨКМ, медициналык кызматчылар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кызмат өтөшүүдө. Андан тышкары, 10 фильтрлөөчү посттор уюшулган. Бардык кызматкерлер жеке коргонуучу каражаттар, медициналык бет каптар, атайын кийимдер жана атайын көз айнектер менен камсыздалган.

Ошондой эле, 38 айыл-аймагынын ар биринде жергиликтүү тургундарынын демилгеси менен кошумча посттор орнотулду. Араван РИИБде, Ички иштер министрлигинин буюрмасынын негизинде аймактагы кырдаал жөнүндө маалыматтарды чогултуу менен жалпылоого маалымат-талдоо топторуу түзүлгөн. Милиция кызматкерлери тарабынан обсервацияык пункт кайтарууга алынган. Мындан сырткары, санитардык-эпидемиялык кызматы ӨКМнын кызматкерлери менен биргеликте ар бир айыл-аймактардын көчөлөрүн дезинфекциялоо жүргүзүлүүдө.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, жарандардын зарыл учурда гана көчөлөргө чыгышы, топтошуп чогулбоосу, бири-бирине болгон аралыкты сактоосу, бет капсыз көчөгө чыкпоосу сунушталууда. “Өзгөчө абал” режими убагында, жашоо тиричиликке зарыл болбогон ишкана-мекемелер жабылып, азыркы учурда азык-түлүк дүкөндөрү, даарыканалар, банк мекемелери гана иштөөдө. Коронавирус жугуштуу илдетин алдын алууга жана жайылышын токтотууда бардык мамлекеттик мекемелер, укук коргоо органдары, саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан зарыл болгон баардык чаралар көрүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы