Орусия спутникке каршы ракеталарга сыноо өткөрдү

Россия кечээ, тагыраак айтканда 15-апрель күнү спутникке каршы сокку уруучу ракетасын сыноодон өткөргөндүгүн жарыялаган. Бул тууралуу командачылыктын басма сөз кызматы билдирген.

«АКШнын космостук командачылыгы мындан кабардар жана 15-апрелдеги россиялык спутникке каршы ракетаны сыноо иштерине байкоо жүргүзүүдө», – деп айтылат билдирүүдө.

«Россия тараптан  өткөрүлгөн спутникке каршы түз сокку уруучу ракеталарды  (DA-ASAT) сыноо иштери америкалык космостук системаларга жана союздаштардын системасына карата коркунучтардын күч алып жаткандыгынан кабар берет», – деген бул тууралуу АКШ космостуккүчтөркомандачысы, генерал Джон Реймонд.