Быйыл Орозо (Рамазан) айы болжолдуу 24 же 25-апрелде башталат. Так күнү айдын чыгышына жараша өзгөрүшү мүмкүн.

Орозо тутуу ислам дининин беш негиздеринин бири болуп эсептелет. Мусулмандар бул айда күн чыккандан күн батканга чейин оозуна наар албайт, суу да ичпейт, жаман иштерден алыс болуп, көп дуба кылып, күндүзгү жана кечки намаздарын калтырбай окуйт. Ошондой эле кошумча ибадаттарды аткарып, кайрымдуулук иштерин жасоого аракет кылат.

Быйылкы Орозо айынын алдында Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев элге кайрылуу жасап, коронавируска байланыштуу ооз ачарды үйдөн кылып, абал турукташканга чейин таравих намаздарын дагы үйдө окууну эскертти. 

Орозо айынын узактыгы ай календарына жараша 29 же 30 күн болот. Орозо айында Кыргызстандын бардык облустары боюнча ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын Sputnik инфографикасынан көрүңүздөр.

Эскертүү: этияттык үчүн багымдат намазынын азанына 10 мүнөт калганга чейин ооз жабуу керек.

Ооз бекитүү дубасы

Навайту ан асуума савма шахри рамазаана минал фажри илал магриби, халисан лиллаахи таъаала.

Мааниси: Алла Тааланын ыразычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым.

Ооз ачуу дубасы

Аллоохумма лака сумту, ва бика ааманту, ва ъалайка таваккалту, ва ъалаа рызкика афтарту, факфирлии маа коддамту ва маа аххарту.

Мааниси: Алла таалам, Өзүңө чындап ишендим, Өзүңө таяндым, Өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын. Баштан-аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир.