ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунун кызматкерлерине карантиндик
мезгилде коронавирус илдетин алдын алуу жана жуктурбоо боюнча маалымат
берилди

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунун кызматкерлерине карантиндик мезгилде коронавирус илдетин алдын алуу жана жуктурбоо үчүн кандай эрежелерди аткаруу керектиги түшүндүрүлдү.

Аны ИИМдин медициналык кызматынын улук инспектор-психологу, милициянын майору Сманова Жаркын Жеңишбековна жана инспектор-психолог, милициянын улук лейтенанты Шайшеева Айнура Эмильбековналар өткөрүштү.

Алар ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунун кызматкерлерине карантиндик мезгилде
коронавирус илдетин алдын алуу жана жуктурбоодо, ички иштер органдарынын кызматкерлери кызмат өтөөдө этияттык, сактык чараларын кантип туура сактоо жөнүндө түшүндүрүп сабак өтүштү.

Ошондой эле, ар бир кызматкерге кызмат өтөөдө алып жүрчү эскертмелерди беришти. Күн сайын
кызматкерлерге кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде кесипкөйлүк жана ак ниеттүүлүк менен кызмат аткарууда нускамалар өткөрүлүүдө.