Ноокат райондук ооруканасынын 29 жаштагы анестезиолог-реаниматологу Болот Мамазияв өзу иштеген мекемедеги бейтаптардын абалы, каза болгондор, күнү-түнү иштеген дарыгерлер, түзүлгөн шарттар тууралуу Турмуш басылмасынын аймактык кабарчысына айтып берген.

Ал учурда жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жандандыруу палатасында коронавирус илдети менен күрөшүүдө. Дарыгер оорунун жуктуруу жолдору, алгачкы белгилери, тобокелдиктер туруалуу буларга токтолду:

“Бул оору адамга 50 пайыз аба аркылуу жугат. 50 пайыз күнүмдүк тиричилик учурунда жугат. Оорунун кандай жугарын учурда баары эле билип калды. 5-6 күн болгондо коронавирус жуктурган адамдын дене табы жогорулап, муундары ооруйт. 8 күндөн кийин дене табы төмөндөбөй калат, 37,5-39,5 градуска чейин жетет. Бул оорунун биринчи симптомдору, андан кийин кургак жөтөл болуп, тамак-аштын даамы сезилбей, оору өрчүп кетет. Бул оору жуккандан кийин адамдын иммунитети алсыз болсо жана 60 жаштан жогорулардын өнөкөт оорулары болсо, өмүргө коркунуч бар. Ооруга вакцина табыла элек, аны иммунитет гана жеңет. Биз ошол иммунитетке шарт түзүп беребиз. Оору өтүшүп кеткенде жандандыруу бөлүмүндө интенсивдүү терапия керек болуп калат. Кээде адамдарга дем жетпей, өлүм менен өмүрдүн ортосунда күрөшүп жатканда кандай жардам берериңди билбей, ыйлап жибересиң”,-деди ал.

Ошондой эле медициналык коргоочу киимдер жетиштүү экенин, бир жолу кийилген кийим экинчи ирет кийилбестигин, аны кийүүнүн жол-жоболорун убакыттын отүшү менен дарыгерлер мыкты өздөштүргөнүн айтты.

“Костюм кийүүдө алгач убакыт көп короп жаткан, бара-бара 12 мүнөттө эле кийинип калдык. Үч кат кол кап, үч кат бет кап, бутубузга резина өтүк киебиз. Тамак-ашыбызга профсоюз тарабынан акча бөлүнгөн. Жашылча-жемиш, витаминдүү азык-түлүк менен 3 маал тамактанабыз. Жаткан жерибиз жугуштуу оорулар бөлүмүнөн сыртта жайгашкан. Бардык шарты бар. Негизи 8 саат иштейбиз, бирок мен реаниматолог болгондуктан оор абалдагыларга кайра кирүүгө туура келип калат. Кээде бир сутка бою иштеп, аз уктап калабыз. Терапевттер 8 саат иштеп, чыгып кетишет”,-деди.

Дарыгер  бул оору жаш-карыга карабастыгын, коронавирус имуунитети алсыз адамдын өмүрун эки апта ичинде эле жалмап коерун эскерткен.

“Дарыгерлер жоокер сыяктуубуз. Ушундай убакта бизге артка чегингенге жол жок. Согушта көзгө көрүнгөн адам менен согушат. А биз көзгө көрүнбөгөн вирустан жеңилгибиз келбей, күрөшүп жатабыз. Анан да анын кайсы жерден келери белгисиз. Бардык дарыгерлер баш-оту менен киришти, эч ким баш тарткан жок”,-деди.