Онкологиялык оорулууларга өкмөт каражат бөлдү

^BMODEL RELEASED. Cancer chemotherapy.^b Female patient receiving anticancer drugs from an intravenous drip bag. This continuously supplies the patient with a controlled amount of drugs that target cancer cells. The drugs target all rapidly dividing cells, which causes them to have a range of side effects, including hair loss. Cancer is a disease caused by the uncontrolled replication of abnormal cells, which can invade and destroy healthy tissue. The drugs in use here are ^Icytoxan^i and ^Iadriamycin^i. Photographed at Massachusetts General Hospital, USA.

Өкмөт онкологиялык оорулары бар адамдар үчүн дары-дармектерди сатып алууга 160 млн сом бөлдү.

Республикалык ыкчам штабдан билдиргендей, анын 100 млн сому чоӊ адамдар үчүн жана 60 млн сом балдарга.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу балдар онкологиясы жана гематология бөлүмүндөгү залалдуу шишиктерге каршы дары-дармектер бар.

Ифосфамид, дактиномицин, даунорубицин Жогорку технологиялар фонду аркылуу сатылып алынган, тендер 2019-жылдын декабрында өткөн. Чек аралар жабылгандыктан, дары-дармектерди алып келүү кечиктирилүүдө. Метотрексат, циторабин, адриабластин, урометоксан препараттарына билдирмелер боюнча фармкомпаниялардан сунуштан келген эмес.

Балдар онкологиясы жана гематология бөлүмүндө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу УОГБдун жетекчилиги, эгерде дары-дармектер бар болсо же препараттарды (метотрексат, циторабин, адриабластин, ифосфамид, урометоксан, дактиномицин, даунорубицин) кыска мөөнөттө алып келүү мүмкүнчүлүгү жаралса, түз келишим түзүү жолу менен сатып алууга көмөк көрсөтүү боюнча бардык фармкомпанияларга кайрылат.